Түрк инвестициялык фондун түзүүнү ЖК биринчи окууда жактырды

27.10.2023, 12:08 Акчабар
Түрк инвестициялык фондун түзүүнү ЖК биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Түрк инвестициялык фондун түзүүнү биринчи окууда жактырды. Бул боюнча протоколго 2022-жылдын октябрында Астанада кол коюлган.

Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев билдиргендей, фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Бул каражаттын 350 миллион доллары бирдей үлүштө 70 миллион доллардан Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстан тарабынан бөлүнөт.

Кыргызстандын 70 миллион доллар үлүшү үч жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Анын 5 миллион доллары акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары берилет. Калган каражаттар жыл сайын 18 миллион доллар, 23 миллион доллар жана 24 миллион транш менен төлөнөт.

Бул каражаттар кичи жана орто бизнести колдоо аркылуу беш өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жумшалат.

Экономика министринин орун басары депутаттарга фонддун башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын маалымдады. Башкаруу кеңешине ар бир өлкөдөн бирден мүчө болот. Кеңеш өзү президентти төрт жылдык мөөнөткө шайлайт.

Тэги: новости Кыргызстана Тюркский фонд инвестфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу