Соода-өнөр жай палатасы жана аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүк фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, меморандумга Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана фонддун жетекчиси Уран Темирбеков кол коюшту.
Бул өнөктөштүктүн максаты узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Тараптар ишкерлерге инвесторлорду, кардарларды жана өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган платформа түзүүнү пландаштырууда.
Ошондой эле, кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу максатында бизнес-семинарлар жана окутуу программалар уюштурулат. Аталган меморандум Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.