«Карга карганын көзүн чукубайт» же «Аю» кайсы арак чыгарган ишканага арыз жазды?

03.10.2019, 15:45 Акчабар
«Карга карганын көзүн чукубайт» же «Аю» кайсы арак чыгарган ишканага арыз жазды?

«Берекет» соода-комплексинде ичимдиктерди саткан соода түйүндөрдү алкоголь азыктарын эч кандай уруксат кагаздары жок сатып келишет жана спирт ичимдиктери мыйзамсыз өндүрүлөт.  Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация бөлүмүнүн алкоголь жана спирт  продукцияларын, этиль спиртин чыгаруу жана иштетүүнү жөнгө салуу кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда катталган. 

Буга чейин ОсОО «Аю» жана «Кыргыз Коньягы» спирт ичимдиктерин  өндүрүүчүлөрү тарабынан «Берекет» соода комплексинде мыйзамсыз алкоголдук азыктар өндүрүлүп жаткандыгы туурасында арыз келип түшкөн. Арыздын негизинде Алко Башкармалыгы астында комиссия түзүлгөн. 

2019 – жылдын 1 - октябрында түзүлгөн комиссия: Алко Башкармалыгы, Бишкек ш. Финансы полициясы, Ленин районунун мамлекеттик салык кызматы, Бишкек ш. мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Ленин райондук мамлекеттик админстрациясы, Бишкек ш. «Берекет» соода-комплексинин Ленин райондук  РИИБи менен  текшерүү жүргүздү. 

Текшерүү учурунда, ЖИ Турдубекова Ж.Т. аттуу жаран, жасалма спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүрүп келгени аныкталып, шектүү акциздик маркадагы алкоголдук продукциясы убактылуу  алынган. 

Кээ бир ири тойканалар жана кафелер «Берекет» соода түйүнүнөн контрафакттык жана жасалма алкоголдук ичимдиктерди сатып алышат. Бул ичимдиктер керектөөчүлөрдүн ден-соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирилүүсү мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзамсыз өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктердин кээ бир түрлөрү, Россияга эспорттолоору аныкталган.

Чогулган материалдар жана алынган алкоголдук продукциялар экспертизадан өтүү жана маркаларын аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүлүп берилди. 

Маалыматка ылайык, алкоголдук продукцияны өндүргөн  жана саткан соода түйүндөргө текшерүү туурасында алдын-ала эскертилгендиктен, текшерүү учурунда бардыгы жабык болгон. 

Текшерүү иштери мындан ары дагы улантылаары айтылды. 

Тэги: Берекет спирт ичимдиги Аю Кыргыз коньягы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу