Баткен жана Оштогу насыя алгандардын 18,8 млн сому кечилди

02.11.2022, 10:21 Акчабар
Баткен жана Оштогу насыя алгандардын 18,8 млн сому кечилди

Финансы-кредиттик уюмдардын маалыматына ылайык, аларга Баткен жана Ош облустарынан 372 насыя алган адам кайрылган. Анын ичинен 268 насыя 18 миллион 883 миң сомго кечилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ошол эле учурда, 20 миллион 885 миң сомго 64 кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттары өзгөртүлүп, жеңилдиктер берилген. 

“Учурда финансы-кредиттик уюмдар кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыр тарткан насыя алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат. Мунун негизинде банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп белгиледи Улуттук банк. 

Тэги: новости Кыргызстана списание кредитов Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу