Бишкекте “Спорттук шаарча” куруу үчүн 12 гектар жер болунгөн. Бул тууралуу өкмөттүн 2019 – жылдын 6 –сентябрындагы №454 токтомунда жазылган.
“КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги алдындагы “Спорт мекемелерин башкаруу жана спортту камсыздоо” мамлекеттик мекемелер үчүн, “Бишкек штамп заводу” ээлик кылган жер тилкеси Мамлекеттик ишканаларга чексиз пайдаланууга берилет” – деп жазылат.
Жер тилке Ч.Айтматов проспектисинде, 86/2 дарегинде жайгашкан. Идентификациялык номери – 1-04-17-0015-0088.
Андан сырткары, Бишкек мэриясына мурунку 18 гектар жер тилкесин дагы камсыздоо сунушу түшкөн.
“Спорттук шаарчаны” куруу КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги жүргүзөт.
“Бишкек штамп заводунан” жер тилке Мамлекеттик курулуш агенттигине берилген.
Жер тилкеси Ч.Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.