2019 – жылдын июль айынын аягында Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны 83 миңге жеткен. Өткөн жылы жумушсуз жүргөн КР жарандары 66.8 миң болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүч 3.3%га көбөйгөн. Бул ЕАЭСге кирген мамлекеттер арасында эң көп көрсөткүчкө ээ деп билдирет ЕЭК.
Жалпы көрсөткүч боюнча ЕАЭС мамлекеттер ичинде жумушсуздуктун саны 1 млнго жетет.
Анын ичинен эң көбү Орусияда -727 миң адам, Казахстанда – 172 миң адам, Арменияда 63.1 миң адам катталган.
Ал эми Беларусияда жумушсуздуктун саны өткөн жылдагыдан 4.6 миңге кыскарып, жалпы 12 миң адам катталган.