Кореяда эмгектенген кыргыздардын орточо айлыгы 1,8 миң долларды түзөт

03.11.2022, 12:57 Акчабар
Кореяда эмгектенген кыргыздардын орточо айлыгы 1,8 миң долларды түзөт

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак-ашы иш берүүчү тарабынан камсыздалганын эске алганда1,8 миң доллардын тегерегинде.Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы 15 жыл ичинде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, EPS программасы боюнча Кореяга 5 миң мигрант жөнөтүлгөн.

“Жумушка кеткендердин көбү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина жана айнек буюмдарын өндүрүүдө иштешет”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган программанын алкагында 1,5 миң жаран эмгектенет. Быйыл программа менен 600дөн ашык адам эмгектени кетти.  

Тэги: новости Кыргызстана Южная Корея трудовые мигранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу