АКШ Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берди деген жүйө менен Кыргызстанга каршы экономикалык чараларды даярдап жатат. Бул тууралуу Washington Post америкалык аткаминерлерге таянып жазды.
"Америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстандын борбору Бишкекке бир нече ай бою жемишсиз болгон сапарларынан кийин Байдендин администрациясы өлкөнү сооданы токтотууга мажбурлоо үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатат. Ушул жумада эле чаралар көрүлүшү мүмкүн", - деп билдирди WPге анонимдүү булактар.
Анткен менен Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Москва менен соода-сатыктын көбөйүшү бир жагынан өлкөнүн чек арасы аркылуу товарлардын өтүшүн көзөмөлдөө боюнча электрондук системалардын жакшырышына байланыштуу деп айтууда.
"Кыргызстан менен Россия Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү жана жалпысынан Орусия биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири", — деп комментарий берди дипломатиялык мекеме кырдаалга.