Америка Кошмо Штаттары, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан Business 5+1 деп аталган жаңы бизнес платформасын ишке киргизгенин жарыялашты. Маалыматты АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу өзүнүн X баракчасында таратты (мурдагы Twitter баракчасы).
Бизнес 5+1 аймактык экономикалык интеграция, реформалар, мамлекеттик-жеке диалог, инновацияларды стимулдаштыруу жана чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Алгачкы жолугушуу 2024-жылы Алматыда өтөт деп пландалууда.
Бул демилге региондогу экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.