2023-жылы республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин өсүшү байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Экономиканын финансы секторунда 663 уюм иштеген, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 621 банктык эмес финансы-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана 2 инвестициялык фонд.
“Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2023-жылы 125 млрд сомго жакынды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 18%га өстү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду”, - деп белгиленет Улуттук статистикалык комитет.