Үстүбүздөгү жылы кыргыз-америкалык бизнес форуму өтөт

14.02.2022, 16:38 Акчабар
Үстүбүздөгү жылы кыргыз-америкалык бизнес форуму өтөт

Америкалык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык 20дан ашуун ири компаниялардын жана расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда АКШ менен КРнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу жана келечекте карапайым элге пайдасы тийе турган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө элчи Аманбаев өлкөбүздө соңку бир жылдан ашуун убакыт аралыгында президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан саясий реформалар жана анын өлкө экономикасын жакшыртуудагы мааниси жөнүндө кеңири маалымат берип, КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз бийлигинин өлкө экономикасын жандандырууда артыкчылык берген тармактар тууралуу конкреттүү фактылар менен кеңири маалымат берди. Ошондой эле кыргыз бийлигинин “Кумтөр” кенине байланыштуу аракеттери тууралуу суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары, иш-чара жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргызстан эле эмес жалпы Борбор Азия аймагында бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселерди көтөрүшүп, өз сунуштарын айтышты.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы америкалык бизнестин ар бир өкүлүнүн бардык актуалдуу суроолоруна жооп берип, аларды Кыргызстанга өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө чакырды. Жыйындын катышуучулары кыргыз тараптын сунуштарын колдоого жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорго катышууга даяр экенин билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы америкалык компаниялардын жана АКШнын каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-америкалык бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашылды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу