2019-жылы Финансы министрлги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын 244 долбоорун каржылаган. Стимулдук гранттын жалпы суммасы 409.6 млн сомду түзгөн. Жалпысынан 230 долбоор ишке ашырылган, деп билдиришти ведомстводон.
Анын ичинен:
Жалал-Абад облусуна 96.8 млн сомго 58 долбоор;
Чүй облусуна 65.2 млн сомго 43 долбоор;
Ысык-Көл облусуна 65.2 млн сомго 40 долбоор;
Ош облусуна 60.2 млн сомго 30 долбоор;
Нарын облусуна 44.6 млн сомго 24 долбоор;
Баткен облусуна 42.6 млн сомго 24 долбоор;
Талас облусуна 34.7 млн сомго 18 долбоор ишке ашырылган.
Анын ичинен 79 мектепке, 47 инфраструктуралык объектилерге жана 39 бала-бакчага 275 млн сомго каржылоо жүргүзүлгөн.