4 - февралда Teslaнын акциялары 900 миллион долларга кымбаттап, жаңы рекорд коюлду. Кагаздардын баасы 3 - февралдагы жабылышка карата 16 пайызга өскөн. Бул тууралуу Forbes порталы кабарлады.
Компаниянын жетекчиси Илон Масктын дүнүйөсү алгачкы 40 мүнөттө 5 млрд долларга көбөйгөн.
Соода башталгандан кийин баалар адегенде 835 долларга чейин түшүп, бирок рыноктордун ачылышынан 12 мүнөт өткөндөн соң (Москва убактысы боюнча 17:42) 900 доллардан ашып, өсүү уланган.
Бул компаниянын кагаздары үчүн жаңы рекорд. Мурунку рекорд 3-февралда коюлган, анда Teslaнын акциялары 780 долларга жеткен. Сооданын жабылышында 4-февралга карата акциялардын өсүшү 16 пайызды түзгөн.