Түркияда иштөө үчүн документтердин баасы 70% дан ашык арзандады

11.06.2021, 10:20 Акчабар
Түркияда иштөө үчүн документтердин баасы 70% дан ашык арзандады

Түркиядагы кыргызстандыктардын иштөөсүнө уруксат берүүчү документтердин баасы 71,7% га арзандады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды. 

Түркияда иштөө үчүн документтердин пакетинин жалпы баасы мурунку 283 доллардын ордуна азыр 80 долларды түзөт.

Мындан тышкары, арыз ээсинин эсебинен жумушка уруксат алуу үчүн төлөм жокко чыгарылды. Учурда уруксатты Түркиядагы түз жумуш берүүчү төлөйт.

Визасыз режимде иштегендер Түркиядан чыгып, кайра кирем деп убара болбой, өлкөдө жүрүүнү мыйзамдаштыра алышат. Бул үчүн алар түрк иш берүүчүсүнөн күбөлүк алышы керек, андан кийин Түркияда иштөөгө уруксат алышат. Эгерде калуунун мөөнөтү бүтсө, анда жаза колдонулат.

Тэги: экономика работа Турция трудовые мигранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу