Бишкектин тургундары жарандык демилгелер долбоорун пайдалана алышат

13.09.2022, 11:58 Акчабар
Бишкектин тургундары жарандык демилгелер долбоорун пайдалана алышат

Бишкек шаарынын мэриясы жарандык демилге долбоорлорун жергиликтүү бюджеттен каржылайт. Мэриянын басма сөз кызматы шаардыктарга каржылоо үчүн долбоор сунуштаса болорун эскертет.

"Жарандык демилгенин долбоору көйгөйдүн сыпаттамасын, белгилүү бир иштерди аткаруу зарылдыгынын негиздемесин, долбоор ишке ашырыла турган аймак жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш. Жарандык демилгелердин муниципалдык аймакта ишке ашырыла турган долбоорлору гана демилгелүү топтун суроо-талабы боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү жана Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын өтүнүч каты милдеттүү түрдө катышуу менен тандалууга жатат”, - деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, жолду, тротуарларды, балдар аянтчаларын, спорт аянтчаларын, канализацияны, жылуулук жана суу менен камсыздоону, дренажды, ирригациялык тармактарды, тышкы жарыктандыруу тармактарын, электр менен жабдууну, кудуктарды, муниципалдык лифттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоо, муниципалитеттин карамагындагы имараттарды оңдоо, унаа токтотуучу жайларды жакшыртуу, жашылдандыруу, скверлерди куруу, аймакты жарыктандыруу, видеокөзөмөлдөө, тосмолор, аялдамалар, таштанды челектерин, жол белгилерин орнотуу жана жол белгилерин түшүрүү, жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү, Бишкек шаарынын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу, долбоорлоо жана изилдөө иштери каржылоого жатат.

 

 

 

Тэги: мэрия Бишкека финансирование проектов городской бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу