Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына ижарачылардын карызы 17.8 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Свердлов районундагы ишкерлердин 14.1 млн сом, Октябрь районундагы ишкерлердин - 3.7 млн сом өлчөмүндөгү карыздары бар. Мэриянын өкүлчүлүктөрү көпчүлүк ижарачыларды ордуларынан табышкан эмес. Башка ижарачыларга атайын акт түзүлдү.
Акты түзүлгөн соң, башкармалык тарабынан карызды төлөө үчүн 4 күн убакыт берилет. Эгерде эскертүүлөр аткарылбаган учурда башка жагымсыз чаралар көрүлөт деп жазылат маалыматта.