«Акчабар» финансы порталынын редактору Азиза Бердибаева журналистика боюнча «Умтулуу» улуттук сынагында жеңүүчү болуп таанылды.
Ал «Бизнестеги өзгөрүү: Кантип 12 млн жоготуп, башка адам болдум» макаласы үчүн «Аракерттеги адам» номинациясында Азиза Бердибаева экинчи орунга ээ болду.
Сынактын максаты – өлкөнүн медиа компаниялары, журналисттер менен жарандык активдүү позициясы бар эл алдында жоопкерчиликти сезе билген Кыргызстанда медиа тармакты өнүктүрүү.
Катышуучуларды 7 номинацияда сыйлоо болду:
- «Бийлик жана коом»;
- «Балалыкты коргоо»;
- «Маданият жана агартуу»;
- «Жардам берүү мезгили»;
- «Аракеттеги адам»;
- «Экологияны коргоо»;
- «Кесипкөйлүккө аракет кылуу».
Сыйлоо аземи Кыргызстандагы Media Toptoo экинчи форумунун алкагында жүрдү.