Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө турган “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мароторий ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында кабыл алынды.
Ошондой эле, Министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө ишкердиктин субъекттерин текшерүү эрежелерин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылды.