Мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот аткаруучуга кылмыш иши козголду

26.01.2024, 11:38 Акчабар
Мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот аткаруучуга кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга жазалар белгиленип, мамлекетке келтирилген 310 млн 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү көрсөтүлгөн.

Өкүмдүн зыянды өндүрүү жагын аткаруу барагы Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.С.га тапшырылган.

Аталган сот аткаруучу өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, пайда көрүү максатында үчай ичинде соттолгон А.Б.нын мүлкүнө камак салган эмес, ал эми А.Б. аталган убыкыт ичинде Бишкек шаарындагы батирин 2 млн 3 миң 310 сомго башка жаранга сатып жиберүүгө жетишкен.

Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Генпрокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу