Калкты тейлөө борборлорунун тейлөө сапатын «сырдуу кардар» текшерет

15.02.2023, 16:27 Акчабар
Калкты тейлөө борборлорунун тейлөө сапатын «сырдуу кардар» текшерет

Коррупциялык факторлорду аныктоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында Калкты тейлөө борборлорунда "сырдуу кардар" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эми “сырдуу кардарлар” күн сайын Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлоруна жөнөкөй жаран болуп, эч кандай эскертүүсүз барат.

“Сырдуу кардар” долбоору бардык социалдык мааниге ээ мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Сатып алуулардын жыйынтыгы менен коррупциялык фактылар, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, Калкты тейлөө борборлорунда жарандар үчүн жаралган тоскоолдуктар аныкталат. Ошондой эле административдик жолтоо, мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүүдөгү жаралган терс көрүнүштөргө тиешелүү органдар тарабынан бөгөт коюу боюнча сунуштар иштелип чыгып, анын негизинде конкреттүү түрдө чаралар көрүлөт.

"Бул долбоордун башкы максаты – кимчиликтерди жоюп, жарандарга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу. "Сырдуу кардар" каалаган өлкөбүздүн кайдыгер эмес жараны боло алат. Ал үчүн жаран 119 телефон номурундагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Колл-борборуна кайрылып, каттоодон өтүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости Кыргызстана Министерство цифрового развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу