Кыргызстандын Улуттук банкы “Кредиттик союз айыл тургундары үчүн каржы ресурстары” каржылык кооперативинин лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Себеби, кооперативдин катышуучуларынын жалпы чогулушунда өзүн-өзү жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, лицензия уюмга 2013-жылдын ноябрь айында берилген. Жети жылдан бир аз ашык иштегенден кийин кооператив өз ишин токтотту. 24-декабрда уруксат берүүлөр расмий түрдө жокко чыгарылды.