Талас шаарында Манастын эстелиги орнотулат. Анын жалпы наркы 8,7 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Талас мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манастын эстелигин тургузууга жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу 8,7 млн сом берген. Ал эми аны алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 1 160 000 сом каражат берет.
Учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
“Эстеликтин бийиктиги 12 метрди түзөт. Авторлору Кыргыз эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов. 21-март Нооруз майрамына карата Айкөл Манастын эстелигинин расмий ачылышы күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бул эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү Анкара шаарында тургузулган.