Таласта IT мектептин эки бүтүрүүчүсү «Aifello» компаниясына ишке чакырылды

09.03.2023, 09:40 Акчабар
Таласта IT мектептин эки бүтүрүүчүсү «Aifello» компаниясына ишке чакырылды

Талас Мамлекеттик университетинде “Альянс Алтын” ишканасы менен орусиялык “Aifello” компаниясынын биргелешкен долбоорунун алкагында “IT технологияларды функционалдык тестирлөөнүн негиздери” аттуу эки айлык курс жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, IT тармагында адистешкен “Aifello” компаниясы 15 студентке эки айлык окуу уюштуруп, алардын 11и IT технология боюнча кесиптик сертификаттарга ээ болушту. Сынактан эң жогорку балл алган эки студент орусиялык компанияга иштөөгө чакырылды. 

“Калгандары кадрдык резервге киргизилди. Аталган сертификаттар менен студенттер Кыргызстандын IT компанияларында программалоо боюнча иштей алышат”, - деп айтылат маалыматта. 

Өз кезегинде орусиялык IT эксперттер кыргызстандык жаштардын жигердүүлүгүнө баа берип, алардын кесиптик чөйрөдө потенциалдары жогору экендигин белгилешти.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу