ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери Чүй областында мыйзамсыз ташылып келинген жана декларацияланбаган жалпы салмагы 20 406 килограмм болгон, кийим кече түрлөрүн кармашкан.
Кармалган товардын орточо базар баасы 16 398 735 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КРӨгө караштуу ЭКККБна өткөрүлүп берилди.