2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Документ бажы процесстерин автоматташтыруу (санариптөө), бажы операцияларын тездетүү, жөнөкөйлөтүү үчүн бажы органдары чечим кабыл алууда тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу сыяктуу бажы кызматын өнүктүрүү тенденцияларын эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке бажы кызматын өнүктүрүүнүн негизги шарттарын жана артыкчылыктарын аныктайт, муну менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары, анын ичинде өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Бажы процесстерин санариптөө коррупциялык опурталдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы төмөнкү жыйынтыктарга жетүүнү болжолдойт:
- бажы процесстерин максималдуу автоматташтыруу жана кагазсыз декларациялоого өтүү аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү процесстерин тездетүү;
Коюлган милдеттерди аткаруу Стратегиянын максаты - өнүккөн бажы инфраструктурасы менен тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде санарип бажысын түзүү аркылуу бажы төлөмдөрүн натыйжалуу башкаруу, бажы операцияларынын ачыктыгы үчүн туруктуу жана таасирдүү иш жүргүзүүгө багытталган.