Бажы кызматы "Карамык" унаа өткөрүү пунктуна кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу системасын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 92,5 миллион сомду түзөт.
Жабдууларды жеткирүү келишим түзүлгөндөн кийин 4 айдан кийин жүргүзүлөөрү көрсөтүлгөн.