Тармактык комитет Эсеп палатасынын 2019- жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту

16.06.2020, 09:00 Акчабар
Тармактык комитет Эсеп палатасынын 2019- жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту

Бюджет жана  финансы  боюнча комитети бүгүнкү, 15-июндагы жыйынында Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту. Бул маселе боюнча  Эсеп палатасынын төрагасы  Улукбек Марипов  баяндама жасады.

 

Анын маалыматы боюнча, Эсеп палатасы  141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Аудиттин  жыйынтыгы боюнча  каржылык мыйзам бузуулар  2,5 млрд. сомду түзүп, анын ичинен 80 млн. сому кайра кайтарылган.

«Кайтарылган  каражаттардын көлөмү  жалпы сумманын  40 пайызын түздү»,-деп белгиледи Эсеп палатасынын төрагасы.

Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар  мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле  аудитти өткөрүүнүн  механизмдерин жакшыртуу  тууралуу суроолорду беришти.

Жыйынтыгында  Эсеп палатасынын  2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө  Эсеп палатасынын төрагасынын отчетун  жактыруу жана   тиешелүү токтом долбоору менен  Жогорку Кеңештин кароосуна  алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды

Тэги: Тармактык комитет эсеп палатасы отчет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу