Тармактык комитет жазгы талаа иштерине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын укту

07.02.2022, 15:54 Акчабар
Тармактык комитет жазгы талаа иштерине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын укту

Бүгүн, 7-февралдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 2022-жылкы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту.

Комитетинин жыйынында белгилүү болгондой, ирригациялык системаларды оңдоого жана башка тиешелүү иш-чараларга 1 млрд сом, ал эми үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом каралып, тиешелүү келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландаштырылып, айдоо аянтын 180 миң гектарга жеткирүү мерчемделүүдө.  

Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалардын саны боюнча маселе көтөрүп: "Өздүк өндүрүштү түзүүгө басым жасоо керек", - деди.

Депутат Айбек Алтынбеков дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо, сугат суунун жетишсиздиги, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча көйгөйлүү маселелерге токтолду. Ал эми депутат Нурбек Алимбеков жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүндө дыйкандар үрөнгө, минералдык жер семирткичтерге, айыл чарба техникаларына, күйүүчү-майлоочу майларга жана жеңилдетилген насыяларга муктаж болуп жатканын белгилеп, насыяларды берүүнүн механизмдерине жана шарттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

"Жеңилдетилген насыялар боюнча суроого жооп берип жатып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 15 млрд сом каражат жылдык 6% менен каралганын маалымдады", - деп парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу