Ташиев «караларга» каражат бергендер жазаланарын эскертти

09.10.2023, 10:45 Акчабар
Ташиев «караларга» каражат бергендер жазаланарын эскертти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "караларга" акча берип жүргөндөр жазаланарын эскертти. Ал бул боюнча пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Ташиев ишендиргендей, мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде-ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Камчыбек Ташиев УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу