Транспорт министрлиги баардык таксилерди каттоого алат

28.02.2019, 09:05 Акчабар
Транспорт министрлиги баардык таксилерди каттоого алат

Кыргызстандын транспорт жана жол министрлиги милдеттүү түрдө баардык таксилерди каттоого алууну сунуштайт. Тиешелүү документ коомдук  талкууга коюлду деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы. 

Баардык таксилерди Министрликтин алдындагы «Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигине» каттоо каралууда. 

 

« Учурда жүргүнчулөрдү тейлеген жарандар, азыркы мыйзамга ылайык жашаган жеринен салык кызматынан алган патентинин негизинде иш алып барышууда.  Ушул эле маалда эл ташыган таксилерге патент алууда эч кандай тоскоолдуктар жок.  Ошондуктан, жеке транспортко ээ адамдар адамдарды  ташуу менен алектене алышат. Бирок, баардык эле жүргүнчүнү ташыган айдоочулар  «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарын сактабай, жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук каралган эмес» — деп түшүндурдү министрликте.

Буга байланыштуу каттоонун максаты автоташуучулардын эсебин жүргүзүп, авто транспорттук кызмат көрсөтүүдөгү   салык жыйноону жакшыртуу, жеңил унаа ээлерин транспортук мыйзамды сактоого  чакыруу.

Жеңил унааларды тартипке келтирүү боюнча ушундай эле иш-аракеттер  Россия, Беларусь, Казахстан, Украина мамлекеттеринде жасалып, айрымдары такси кызматын лицензиялайт. Мындан тышкары айырмалоочу ээн белгилерине каттуу талапттар коюлууда (баардык таксилер бирдиктүү өңгө боелушу шарт).

«Жарандардын социалдык абалын эске алып, жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер жол коопсуздугун камсыздоо, адамдардын өмүрү менен ден соолугун сактоого багытталган»— дейт Транспорт министрлиги.  

Тэги: такси Минтранс авто

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу