«Тазалык» ишканасы тигүү цехтерге таштанды боюнча келишим түзүүнү сунуштады

12.05.2023, 10:30 Акчабар
«Тазалык» ишканасы тигүү цехтерге таштанды боюнча келишим түзүүнү сунуштады

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарда тигүү цехин жана башка өндүрүштүк жайларды иштеткен ишкерлерди  келишим түзүүгө же калдыктарды түз таштанды төгүүчү жайга алып барууга чакырып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында ар кандай өндүрүштүк жайлар, өзгөчө тигүүчү цехтер калдыктарын таштанды урналарга төгүүдө. Бул күн санап көбөйүп жаткандыктан таштанды урналар графиктен эрте толуп калууда. Натыйжада “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине түйшүк жаралып, шаардыктардын нааразычылыгы күчөөдө. 

"Таштанды урналары жайгашкан аянтчаларга видео байкоолор орнотулуп, “Тазалыктын” кызматкерлери күнү-түнү рейд жүргүзүү иш- аракеттери күчөтүлүүдө", -деп билдиришти мэриядан. 

Белгилей кетсек, таштанды ыргыткан тигүү цехтерине жана өндүрүш ишканаларына айып пул салынат. 

“Тазалык” ишканасы калктан унаа менен тигүү цехинин же курулуш материалдарынын калдыгын төгүп жаткан учурду байкаса 0772 666 641 ватсап номерге же mp_tazalyk_bishkek инстаграмм, фейсбук баракчаларга видео, сүрөт билдирүүлөрдү жиберип коюуну өтүнөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу