Ош облусунда текстиль материалдарын жана трикотаж кездемелерин чыгаруу боюнча уникалдуу инвестициялык долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу башталат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Талантбек Иманов билдирди.
Долбоорду “Евразия Групп” ЖЧКсы ишке ашырууда, инвестициялык долбоордун жалпы суммасы 40 млн долларды түзөт.
Бүгүнкү күндө “Евразия Групп” компаниясы тарабынан тигүү буюмдарын чыгаруучу фабриканын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иштер аяктады, салынган каражаттын көлөмү 5 млн долларды түзөт экинчи этапты ишке ашыруу пландаштырылууда, анда сумма 35 млн долларды түзөт.
Бул долбоор аймакты өнүктүрүү үчүн социалдык мааниге ээ, анткени фабрикада кеминде 600 жумушчу орун түзүүнү пландап жатат, бул жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга жана өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.