«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы Ош шаарынын мэриясынын менчигине өттү

29.07.2022, 13:06 Акчабар
«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы Ош шаарынын мэриясынын менчигине өттү

“Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 % мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. 

Тиешелүү чечим Министрлерк кезектеги жыйынында кабыл алынды. 

“Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта.  

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган. 

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кошумчаласак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Тэги: Ош-ТВ мэрия Оша кабмин КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу