Ош ш. мэриясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 604-Б тескемесине ылайык Ош шаарында жылытуу мезгили 2019-жылдын 5-ноябрында башталган. Бул тууралуу ААК «Электрдик станциялар» билдирет.
«Бул жылы Ош ЖЭБин кышка даярдоодо, борбордун жабдууларын оңдоп-түзөө иштерин энергетиктер жыл ичинде өткөрүшкөн. Күз-кыш мезгилине даярдык аяктаары менен энергетиктер дароо кийинки жылдын жылытуу мезгилине оңдоо-даярдоо иштерин башташат»,- деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: ЖЭБдин балансында жалпы узундугу 58,474 км болгон магистралдык жана кварталдык суу жылуулук тармактары турат, анын ичинде:
магистралдык – 29,711 км;
кварталдык – 28,763 км.