АКШнын өкмөтү Tesla компаниясынан сенсордук экраны иштебей калган 158 миң автоунааны кайра артка кайтарынуу талап кылды. Бул тууралуу эл аралык Reuters маалымат сайты билдирди.
Компаниядан билдиришкендей, Model S жана Model X автоунаалардын дисплейлери иштебей калгандыктан сенсордук экрандарга доо кеткен.
Белгиленгендей, мындай чечимдер сейрек кабыл алынат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин маалым болгондой, америкалык электромобилдүү унааларды чыгаруучу Tesla компаниясы, техникалык мүчүлүштүктөр катталган үчүн 9 миң автоуунаны кайрадан артка кайтарып алууга даяр.