Токмок шаардык мэриясында 10 млн сом жең ичинен кымырылган

13.12.2023, 13:31 Акчабар
Токмок шаардык мэриясында 10 млн сом жең ичинен кымырылган

Токмок шаардык мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджетинде 10 млн 326,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 

Мекемеден билдиришкендей, былтыркы бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, 9 млн 919 миң сом чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер, 2 млн 620,9 миң сом эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү,   645,9 миң сом курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо, 6 млн 652,2 миң сом бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук жана көбөйтүлгөн кредитордук карыз ж.б болуп саналат. 

Коллегиянын чечими менен аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча текшерүүгө алынган объектилерге Токмок шаардык Кеңешине буйруктар жөнөтүлдү.

 

Тэги: Токмок Токмок мэриясы акча  каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу