Бүгүнкүгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 млрд. 755,92 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундуна 1359 кубометр, ал эми агып чыгышы 376 кубометрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 22-июнунда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 млрд. 659 млн. кубометрди түзгөн.