Токтогулда гемодиализ борборун кура турган фирма 7,7 млн сомду жеп алган

17.05.2023, 14:42 Акчабар
Токтогулда гемодиализ борборун кура турган фирма 7,7 млн сомду жеп алган

Токтогул шаарында гемодиализ борборунун имаратын куруу үчүн акча алып, ишти толук аткарбай качып кеткен фирманын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрь айында Токтогулдагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына 15 млн. 941,6 миң сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган. Анда тендерди 12 млн. 907,5 миң сом сунуштаган “А.С.С.” ЖЧКсы жеңген. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. фирманын эсебине 7 млн. 781 миң сом түшүрүп, былтыр курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүргөндөн кийин дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө.   

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу