Салыктан казынага 5 млрд 917,1 млн сом төгүлө элек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Анын ичинен кайтарымсыз карыздын суммасы 3 млрд 763,8 млн сомду түзөт.
«Республиканын салык органдары 2019-жылы салыкка карызы барларга атайын иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында бюджетке салыктан 5 млрд 108,7 млн сом кайтарылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 914,6 млн сомго көп», - деп жазылат маалыматта.