Бизнеске 3 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилген

11.12.2020, 17:30 Акчабар
Бизнеске 3 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилген

«Ишкерлик субъектилерди каржылоо» программасы аркылуу бизнеске ноябрь айына карата 3 млрд 407 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Бул программа аркылуу бөлүнгөн каражаттын 89.8% мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн. Муну менен катар, бизнести колдоого багытталган каражаттын ичинен коммерциялык банктарда дагы 387.4 млн сом бар.

Финансы министрлигинин статистикасына ылайык, ишкерлерге жеңилдетилген насыяны «Айыл Банк» жана «Кыргызстан» банк көп берген.

Эске сала кетсек, өкмөт пандемия маалында жабыр тарткан бизнести колдоо үчүн 14 млрд сом бөлөрүн билдирген. Бирок, кийин бюджетте бул үчүн акча жоктугун айткан.

Тэги: ишкерлик субъекти банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу