Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн финансылык-банктык секторунун коопсуздугун жана финансылык-насыялык уюмдардын активдеринин сактыгын камсыз кылуу максатында коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар өз ишин токтотуп, өлкөдөгү саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган.
«Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан тартып бажылык тариздөө жайына чейин бажы транзити, бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бажы операциялары, бажы иши жаатындагы Кыргызстандын жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мурдагы режимде ишке ашырылат», - деп айтылат маалыматта.