Toyota кызматкерлери соңку ондогон жылдагы эң көп маянаны алышат

23.02.2023, 17:08 Акчабар
Toyota кызматкерлери соңку ондогон жылдагы эң көп маянаны алышат

Япониянын автомобиль өнөр жайынын гиганттары Toyota жана Honda өлкөдөгү жумушчуларына акыркы он жылдагы эң чоң айлык акыны берүүгө макул болгонун билдирди. Өткөн айдагы расмий маалыматтар боюнча, Япониядагы инфляциянын деңгээли акыркы 40 жылда эң жогорку деңгээлин көрсөттү. Бул тууралуу BBC Business жазды. 

Бул абалда өлкө колунда жок жарандарга жардам бериши керек. 

Кечээ, 22-февралда Toyota эмгек акы жана бонустар боюнча профсоюздардын талаптарын канааттандыра турганын, эмгек акы акыркы 20 жылдагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлөрүн билдирди. 

Toyota компаниясынын жаңы президенти Кожи Сато бул кадам Япониянын автоиндустриясына оң таасирин тийгизерине жана ар бир компаниянын жумушчулары менен жетекчилигинин ортосунда ачык талкууларга алып келерине үмүттөнөт. 

“Ал эми атаандаш унаа өндүрүүчү Honda профсоюздардын айлык акыны жана бонустарды жогорулатуу өтүнүчтөрүнө толук жооп бергенин билдирген. Компания эмгек акыны 5%га көтөрөрүн билдирди. Бул 1990-жылдан берки эң чоң өсүш жана Япониядагы инфляциянын деңгээлинен жогору”, - деп айтылат маалыматта. 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу