"Транс-Союз-Азия" АК 2023-жылдын аягында бардык таза кирешесин дивиденддерди төлөөгө жумшай турганы маалымдалды.
Ишкананын таза кирешеси 1 миллион 158 миң 500 сомду түздү. Акча 2024-жылдын 1-июнунан тарта төлөнө баштайт.
Эске салсак, "Транс-Союз-Азия" жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенет.