ЖК комитети “Кыргыз Республикасынын 2018 – жылдагы републикалык бюджеттин аткарылышы” тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан бекитишти. Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты каржы министри Бактыгүл Жээнбаева берди.
Каржы министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2018 – жылы республикалык бюджет 135млрд 504.8 млн. сомду түзгөн. Казынага түшкөн каражат 2017 – ж. салыштырмалуу 0.6% (797.5 млн. с) көп болгон, ошол эле учурда чыгаша 1.5% же 2 млрд. 144.6 млн. сомду түзгөн. Муну менен катар республикалык бюджет 2018 – жылы тартыштык менен аткарылган.
Жыйында депутаттар Иса Өмүркүлов жана Исхак Масалиев каржы дисциплинасы тууралуу суроо көтөрүштү.
“2018 – жылы Улуттук көчмөндөр оюнунун уюштурулуусуна 300 млн. сомдон ашык каражат кетти, ошону менен катар биздин балдар контейнер-мектепте окуп жатат” – деп нааразы болду Масалиев.