Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында уюлдук байланыш үчүн төлөм мекемелери аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 4,4 млрдды түздү. Өткөн кварталга салыштырмалуу төлөмдөр 17,7% га көбөйгөн, деп маалымдады Улуттук банк.
Мындан тышкары, төлөм уюмдары аркылуу электрондук капчыктар дээрлик эки миллиард сомго толукталып, үстүбүздөгү жылдын II чейрегинен 40% га жогорулады.
Жалпысынан, отчеттук мезгил ичинде 12,1 млрд сом суммасында 38,1 млн ашык транзакциялар жүргүзүлгөн.