Түркиялык футболисттер «Ийиндеше» акциясында 845 млн лира чогултушту

02.03.2023, 12:10 Акчабар
Түркиялык футболисттер «Ийиндеше» акциясында 845 млн лира чогултушту

Түркиянын футбол федерациясы, Жаштар жана спорт министрлиги, Түркиянын “Супер лига” клубдар ассоциациясы фонду жана “beIN Media Group”  “Ийиндеше” (Omuz omuza) аттуу жардам кампаниясын уюштуруп, жер титирөөдөн жабыркагандарга 845 миллион лира чогултту. Бул тууралуу BBC Түрк кызматы жазды. 

Аталган жардам кампаниясына арналган программа кечээ, 1-мартта түрк телеканалдардын биринде көрсөтүлдү. Ага Франциянын “ПСЖ” клубунун жылдыздуу футболчусу Килиан Мбаппе да катышты.

“Түркияда болгон жер титирөөнү болжолдоо да кыйын. Футбол коомчулугу чогулуп Түркияны колдойт. Мен да анын бир бөлүгү болгонума сыймыктанам”, - деди ал.

Мындан тышкары, бул өнөктүктү дүйнөлүк футбол тренелери Юрген Клопп, Пеп Гвардиола, Рууд Гуллит, Микель Артета жана Арсен Венгер колдогон.

Программада бул жайда “Бешикташ”, “Фенербахче” жана “Галатасарай” футбол клубдары бардык теле жана касса кирешелерин жер титирөөдөн жабыркагандарга берүү үчүн турнир уюштура турганы белгиленди. Акция алты айга созулат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу