31 граммдык (трой унциясы) алтын куймаларын сатуу баасы 24-июнга карата 51 599 сомду түздү. Күндүн ичинде куймалардын баасы дээрлик 1% га (0,99%), же 18,59 долларга кымбаттады. Мындай маалыматтар Улуттук банктан маалым болду.
Салмагы 1 грамм куймалар 6 миң 389 сом, 2 грамм - 11 миң 671 сом, 5 грамм - 27 миң 939 сомдон сатылууда.
100 граммдык куймалардын баасы 510 миң 436 сомду түздү. Күндүн ичинде баа 6 миң 135 сомго көтөрүлдү.