Түркиядагы элчи элчи Кубанычбек Өмүралиев 29-июлда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүү боюнча да сөз болду.
Аталган жыйын Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун төрагалыгы алдында 6-августта Бишкекте өтөт.
Бул жолу өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында өтө турган бизнес-форумдун уюштуруучулары эки өлкөнүн ишкерлеринин В2В жолугушууларына көбүрөөк көңүл бурууну көздөшүүдө.