2018 - жылы туристтик кызматтын көлөмү 453,4 млн.$, импорт – 275,5 млн.$ түзгөн. Бул тууралуу Дүйнөлүк туризм күнүнө карата Улуттук статистика комитети билдирет.
2018 – жылы туризм тармагына 60 млн.$ жакын түз инвестициялар келген, бул 2017 – жылга салыштырмалуу 3,5 эсе көп дегенди билдирет. Муну менен катар КМШ өлкөлөрүнөн сырткары 3,4 эсеге көп, КМШ мамлекеттер ичинен – 5,1 эсеге көп болгон.
2018 – жылы калктын туристтик-экскурсия кызмат көрсөтүүсү 1794,6 млн. сомду түзгөн, мейманкана ж.б. убактылуу жашоочу жайлардын кызмат көрсөтүүдөгү көлөмү, 3 млрд. 277,4 млн. сомду түзгөн.
2018 – жылдагы туризм багытындагы чекене соода жугүртүүнүн көлөмү, өткөн жылдагыдан 4,6% көп болуп 23, 4 млрд. сомду түзгөн.
2018 – жылы жүргүнчү транспорттордун кызматын колдонгон туристтердин саны – 6 млн. 955,6 миң адам болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу 34,2 миң адамга көп болгон.
2018 – жылы туризмди өнүктүрүүдөгү өндүрүш ишканаларынан чыккан товардын көлөмү өткөн жылдан 8,5% көптү түзүп, 768,4 млн. сомду түзгөн. Улуттук кийимдер чыгаруу өткөн жылдан 3,1 эсеге, калпак – 23%, килемдер – 17,1% көп болгон.