2019-жылдын жыйынтыгы менен Түркменистан күйүүчү майды эң арзан баада саткан топ-10 өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу sng.today. порталы билдирди.
Түркменистанда бир литр А-95 күйүүчү майдын баасы 1.5 манат (0.43 долларды) түзөт. Порталдын берген маалыматына ылайык, Орто Азия мамлекеттеринин ичинен, Түркменистан 1 -орунда, дүйнөлүк рейтингде 8 - орунда турат.
Рейтингге ылайык, бул тизменин 9-орунунда бир литр күйүүчү майдын баасы 0.46$ менен Казакстан мамлекети турат. Топ-10 катарын Азербайжан толуктайт. Бул өлкөдө бир литр күйүүчү майдын баасы - 0.47 долларды түзөт.
«Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын бир литрге болгон орточо баасы 1.12 $ түзөт», — деп билдирди портал.
Андан сырткары, GlobalPetrolPrices.com порталы берген маалымат боюнча, күйүүчү майды арзан саткан мамлекеттерин катарын Россия (0.74 $), АКШ (0.77 $) жана Кытай (1.05 $) толуктайт.
Дүйнө жүзүндө эң арзан күйүүчү май Венесуэлде - бир литрдин баасы - 0.001 $, ал эми эң кымбат - Гонконгдо (1.05 $) сатылат.